Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 08.09.2019 21:26

Ысык-Көлдө актриса Ж.Сейдакматованын 80 жылдык мааракеси белгиленди

Turmush -  8-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Темир айыл өкмөтүнүн Кашат айылында Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракеси белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бул мааракеге Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси С.Раев, Жогорку Кеңештин депутаттары Г.Молдобекова, Б.Турусбеков, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары К.Иманалиев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Осмоналиев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Д.Иманалиев, Ж.Сейдакматованын кесиптештери жана Ысык-Көл районунун тургундары катышты.

Ысык-Көл районунун акими Д.Иманалиев Ж.Сейдакматовага «Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу менен узун өмүр, чың ден соолук, дөөлөттүү карылыкты каалап, мындан ары дагы кыргыз элине талыкпай кызмат кылып, сый-урматка бөлөнүп жүрүшүн каалады.

Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова 1938-жылы Ысык-Көлдүн Темир айылында төрөлгөн. Театр сахнасында жана кинодо ондогон образдарды жараткан. Ал Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III, II даражадагы «Манас» орденинин ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×