Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.09.2019 16:44

Караколдо 1,5 млн сомго ажаткана курулат

Turmush -  Каракол шаарындагы «Жеңиш» эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 1,5 млн сомго ажаткана курулат. Бул тууралуу Каракол шаарынын вице-мэри Сеит Өскөнбаев билдирди.

Анын айтымында, «Жеңиш» эс алуу багына шаар тургундары жана чет жерден келген эс алуучулар көп барат.

«Бул учурга чейин эс алуу багында ажаткана болгон эмес. Ошол себептен эс алуучулардын муктаждыгын чечүү максатында шаардын бюджетинен 1,5 млн сом каражат бөлүндү. Азыр куруу иштерин баштоо алдында турабыз. Төрт орундуу болот. Ошондой эле кол жууган раковина орнотулат. Заман талабына ылайык салынып, санитардык, гигиеналык абал сакталат», - дейт С.Өскөнбаев.

Ушул жылы Каракол шаарынын борбордук стадионунун жанына Кырчындан алып келинген ажаткана орнотулуп, ишке берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×