Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.09.2019 20:09

Ысык-Көлдөгү Жаркынбаев айылынын тургундары бала бакчалуу болушту. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Абдрахманов айыл өкмөтүнүн Жаркынбаев айылында Ыскакбай Исабеков атындагы «Балалык» бала бакчасынын ачылыш аземи болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ачылышка Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Данир Иманалиев, райондук мамлекеттик мекеме-ишканалардын башчылары жана айыл тургундары катышты. Бала бакча 100 орунга ылайыкталып, Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып курулду. Жалпы сметалык баасы 35 508,33 миң сомду түздү.

Буга чейин бул айылда бала бакча такыр болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×