Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 05.09.2019 11:24 На русском

Тоңдо тургундар жеке менчикке өтүп кеткен пансионатты өздөрүнө кайтара албай убара. Сүрөт

Turmush -  Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн тургундары жеке менчикке өтүп кеткен Бар-Булактагы пансионатты элге кайтаруу боюнча соттук иштер кечеңдеп, акыйкат чечим болбой жатканын айтып, жыйынга чогулушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кара-Коо айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Эркинбек Акматовдун айтымында, союз ыдырап, колхоздордун жерлери, малы, социалдык объектилер бөлүштүрүлүп жатканда 51 дыйкан чарбага бүтө элек пансионаттын имараты, 2 гектар 30 сотых жери берилген.

«Бул боюнча тиешелүү документтер бар. Бирок чарба жоюлуп кеткенден кийин айыл өкмөттөрү түзүлгөн. Биздин Ак-Терек айыл өкмөтү 2003-2005-жылдары социалдык фондго 75 961 сом карыз болуп калган. Бул карызга элдин эч кандай тиешеси болгон эмес. Ошол кездеги айыл өкмөтү өзү төлөш керек эле. Ушул карызды жабуу үчүн элдин мүлкү деп эсептелген пансионатты Тоң райондук социалдык фондго берүүгө кол коюп берген. Ошентип социалдык фондго өттү деп акт түзүлүп, ушул актын негизинде эл район аралык сотко кайрылышкан. Каракол шаарында болгон район аралык сот социалдык фондунун жумушчуларынын катышуусунда өтүп, сот пансионатты 2005-жылдын 25-майында социалдык фондго өткөрүп берген. Ошол убакта айыл тургундары өз жумуштарыбыз менен алек болуп билбей калганбыз. Себеби, ал убакта жашоо кыйыныраак эле, кээ бир үй-бүлөлөр нанды араң таап жечү», - деди ал.

Эркинбек Акматов райондук социалдык фонд 2006-жылдын 20-декабрында пансионатты бир жаранга 2 млн 500 миң сомго баалап сатып жибергенин айтты.

«Бул пансионаттын кыскача таржымалы ушундай. Эми 2 жылдан бери пансионаттын ээси менен сатып алуу келишимин жокко чыгаруу боюнча соттошуп келе жатабыз. Иш райондук соттон Жогорку сотко чейин барган. Ал жерден кайра карап чыгуу үчүн районго жиберген. Учурда сот иштери жүрүп жатат. Бирок сот процесси кандайдыр бир себептер менен жылдырылып созулуп жатат. Биз бул боюнча президентке, Жогорку сотто чейин кайрылуу жазганбыз. Бирок жооп болгон жок. Элдин бирден бир тилеги — ушул элдин мүлкү болгон пансионатты тургундарга кайтарып берсе», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×