Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 05.09.2019 10:45

Алып баруучу Нурзат Токтосунованын 103 жаштагы таенеси көз жумду (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылынын 103 жаштагы тургуну Мундук Абдылдаева көз жумду. Бул тууралуу Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Айнура Мамбеталиева билдирди.

Мундук апа кечээ, 4-сентябрда көз жумган.

«Мундук Абдылдаева 1916-жылы үркүн учурунда кытай-казак чек арасында төрөлгөн. 1920-жылы ата-энеси Түп районундагы Көөчү айылына кайтып келип, жашап калышкан. 1932-жылы Мундук апа Талды-Суу айылынын тургуну Ыхлас Абдылдаевге турмушка чыккан. Жубайлар Талды-Суу колхозунда эмгектенип жүрүп, 1 эркек, 8 кыздуу болушкан. 1984-жылы ардактуу эс алууга чыгышкан.

Мундук апанын 40 небере, 102 чөбөрө жана 24 кыбырасы бар болчу», - деди А.Мамбеталиева.

М.Абдылдаеванын сөөгү бүгүн, 5-сентябрда жерге берилет. Ал алып баруучу Нурзат Токтосунованын таенеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×