Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 05.09.2019 09:21 На русском

Түп районунда ардагерлер арасында ай сайын футбол боюнча мелдеш өтүп жатат

Turmush -  Түп районунда 40 жаштан жогорку ардагерлер арасында ай сайын футбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу райондун Арал айылынын тургуну Нурбек Маданбеков билдирди.

Анын айтымында, турнирдин негизги максаты — айыл аймактар арасында карым-катнаш, ынтымакты бекемдөө, сергек жашоого үндөө. 40 жаштан 65 жашка чейинки ардагерлердин футбол мелдеши бул жолу 6-ирет уюштурулуп жатат.

«Биз ар бир айда 2 жолу ардагерлердин башын бириктирип, футбол уюштуруп жатабыз. Себеби башка райондордо газон төшөлгөн кичи футбол аянтчалары мурда эле салынып, спорттук иш-чаралар өтүп келсе, Түп районунда эми гана жанданууда. Экинчиден биздин оюндарыбыз алдыдагы облустук беттештерге да даярдык», - деди Маданбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×