Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.09.2019 16:16 На русском

5 адамдын өмүрүн алган жол кырсык: Сот «БМВ Х5» унаасынын айдоочусун камады

Turmush -  «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2 айга камакка алынды. Мындай чечим 4-сентябрда Ысык-Көл райондук соту тарабынан чыгарылды.

Соттон кийин айдоочу аялды Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткиришет. Ал жактан операциядан кийин дарылануудан өтөт. Жол кырсыктан кийин ал баш мээсинен жаракат алып, акыреги сынган.

Айрым маалыматтар боюнча, аны убактылуу кармоочу жайга 5-6 күндөн кийин жиберишет.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, 30-августта Сары-Камыш айылы менен Балыкчы шаарынын ортосунда кырсыкка кабылган «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан Е.Ф. аттуу айым мас абалда болгон. Кырсыктан кийин аял медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, мас абалда экендиги такталган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Ысык-Көлдөгү Балыкчы—Чолпон-Ата жолундагы унаа кырсыктын кесепетинен 5 адамдын өмүрү кыйылып, 2 адам жаракат алгандыгы кабарланган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык 30-августта саат 17:30 чамасында «БМВ Х5» жана «БМВ 530» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда болгон. «БМВ Х5» унаасы Кант шаарында жашаган 41 жаштагы аял кишинин башкаруусунда болчу. Ал эми «БМВ 530» унаасын Каракол шаарынын 30 жаштагы тургуну (эркек киши) башкарып жүргөн.

Кырсыктан каза болгондор:

- Айдоочу А.Данияр (30 жашта);

- жүргүнчүлөр — Каракол шаарынын 1988-жылы туулган тургуну У.Альбина;

- Хабаровск (Россия) шаарынын 1977-жылы туулган тургуну А.Мамлакатхон;

- Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган тургуну А.Шахида;

- Шахиданын 2018-жылы 22-июнда төрөлгөн кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×