Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 04.09.2019 10:18

Ысык-Көлдө картошканын топурагы лабораториядан текшерилүүдө

Turmush -  Түп районунда жайгашкан Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Ысык-Көл облустук лабораториясы картошканын топурагын текшерүүдө. Бул тууралуу лабораториянын башчысы Нурлан Токтобеков билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери картошка жабыркаган алтын түстүү нематода (картошканын оорусу) боюнча топурактан 1 миң үлгү алынып, 7 гектар жердеги өсүмдүк жабыркаганы аныкталды.

«Быйыл облус боюнча 33 миң гектарга картошка айдалса, текшерүүнүн жыйынтыгы менен 7 гектар жердеги картошкадан алтын түстүү нематода табылды. Бул боюнча ар бир аймактан топурактын үлгүлөрү алынууда. Азыркы тапта жергиликтүү дыйкандарга маалымат берип, нематода чыккан жерге башка өсүмдүк айдоо керектигин түшүндүрүп жатабыз. Бул оору аз гана бөлүктө аныкталды деп айтууга болот. Картошканын бул илдети Казакстанда эки эсе көп катталган. Эми Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык картошканы лабораториядан текшерип, аныктама беребиз», - деди Н.Токтобеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×