Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.09.2019 10:55

Караколдо жол кырсыктарын алдын алуу маселеси талкууланды

Turmush -  Каракол шаарында жол кырсыктарын алдын алуу маселеси талкууланган жыйын өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, жыйынга Ысык-Көл ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери, жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустардын айдоочулары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

ЖККК бөлүмүнүн улук инспектору М.Асаналиевдин айтымында, жыйын жаңы окуу жылы башталгандыгына байланыштуу өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын азайтуу максатында өттү.

Жыйында жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын айдоочуларына жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол кырсыктарын алдын алуу, анын санын азайтуу маселелери талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×