Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 03.09.2019 10:11 Жаңыланды: 03.09.2019 11:36

Сүрөт — Ысык-Көлдө жеңил унаа толугу менен өрттөнүп кетти

Turmush -  Түп районунун Түп айылында унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 3-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Турусбеков көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан улам келип чыккан.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдагандай, «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа Түп айылынын тургуну, Түп райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн айдоочусу М.Э.ге тиешелүү экени аныкталды.

Өрт өчүрүүчүлөрү унааны жарылуудан сактап калышкан. Өрттөн кийин унаанын арткы эки дөңгөлөгү гана калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×