Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 03.09.2019 09:48

Ак-Сууда футбол боюнча биринчиликтин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында кичи футбол боюнча биринчилик өттү. Бул тууралуу облустук футбол федерациясынын жетекчиси Алмаз Усупов билдирди.

Мелдеш Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына арналып, ага айыл аймактын командалары катышкан.

«Жыйынтыгында 1-орунду «Ардагер» командасы, 2-орунду «Ала-Көл», 3-орунду «Бир туугандар» командасы багынтты. Жеңүүчүлөргө диплом жана кубок тапшырылды», - деди А.Усупов.

Иш-чара Ак-Суу райондук спорт комитети тарабынан уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×