Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 02.09.2019 12:13

Кыргыз тилчи З.Кадырова студенттердин боорду эзген окуяларын эстеди (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ала-Баш айылында туулган 37 жаштагы Зинат Кадырова 13 жылдан бери мугалим болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетин бүтүргөн.

«2006-жылдан бери К.Көлбаев атындагы Бишкек авто-жол колледжинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштеп келем. Сабакты заманбап, жаңы ыкмалар менен өтөм. Студенттерге кыргыз тилин окутууда көп кыйынчылыктар болот, анткени азыр кыргыз тили эч кимге кереги жоктой мамиле кылышат, көңүл бөлүшпөйт. Акырындап, кыргыз тили баягыдай эле грамматика эмес экенин түшүнгөндө кызыгып башташат. Биздин окуу жай атайын кесиптик орто окуу жай болгондуктан сабакты кесипке, каада-салтка байланыштуу тексттер менен өтөм. Чындыгында азыр балдардын психологиясы башкача. Балдарга сабакта оюн эркин айтууга мүмкүнчүлүк берем. Ошондо гана акырындык менен кызыгуу жаралат. Ар бир ийгилигин мактап, дем берип турам. Аларга тыюу салууга мүмкүн эмес. Кыргыз тилин окутуп жаткандан кийин көбүрөөк сүйлөгөнгө, оюн толук, жыйынтыктап айтуусуна көңүл бөлөм. Албетте, жазуу ишине да көп көңүл бурулат», - дейт мугалим.

Анын айтымында, сабак учурунда кызыктуу окуялар көп болот.

«Сабак учурунда күлкүлүү окуялар көп болот. Бир жолу жаңы тема өтүп, студенттер менен кызуу талкуу болуп жаткан. Бир студент апасын ойлоп отурганбы, айтор ордунан тура калып: «Апа, мен айтайынчы» десе аудитория дуу күлкүгө толду. Өзү дагы кызарып, уялып кетти. Мен болсо «Апасын сыйлаган балдар көп болсун! Анын эч кандай уяты жок, оюңду айта бер» десем, оюн жыйынтыктады.

Бош убактымды балдарым менен өткөрөм, алар окуган китептерин айтып беришет, талкуулайбыз. Ошондой эле тарыхый тасмаларды көрөм. Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн, кыргыз тилин үйрөнөм дегендерге окуу курстарын ачып, жардам берүүнү пландап жатам. Ийгиликтерге жетүү үчүн көп окуу керек», - деди ал.

Зинат Кадырова эки кыз, бир уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×