Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 31.08.2019 12:40

Чолпон-Атада Эгемендүүлүк майрамында бир нече адамга сыйлык тапшырылды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Маалыматка караганда, иш-чарада ар тармакта эмгектенип, райондун өнүгүүсүнө салым кошкон 10 адамга «Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу» сыйлыгы тапшырылды. Майрамдык салтанат атайын даярдалган концерттик программа менен коштолууда. Салтанатка райондун, мэриянын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×