Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 31.08.2019 10:53

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда музей ачылды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда музей ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук тарыхый-маданий музейинин жетекчиси Гүлүм Алымкожоева билдирди.

Анын айтымында, ат майдандын имаратынын долбоорунда 2-кабатында музей каралган.

«Бул музей Чолпон-Атадагы музейдин жардамы менен ачылып жатат. Анда «Кырк кыз» көргөзмөсү коюлду. Биздин негизги максат — улуттук ат оюндарын эл арасында жайылтуу, келген туристтерге кыргыз элинин өзгөчөлүгүн көрсөтүү. Чакан музейде Аскат Чоңбашевдин колунан жаралган эмгектер коюлду. Ал кырк кыздын сүрөтүн жараткан. Анын бул эмгеги Москвадагы көргөзмөдө алтын медалга ээ болгон. 2 жыл мурун 7 аке көргөзмөсүн да жасаган. Анда туш кийизге 7 акенин акыл-насааттары сайма менен түшүрүлгөн», - деди ал.

Музейдин ачылыш аземине район жетекчилиги катышты. Көчмө көргөзмө ат майданда 1 айдан ашык убакыт болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×