Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.08.2019 14:45

Шор суу ичкен Шор-Булактын элинин көйгөйү 19,3 млн сомго чечилип жатат

Turmush -  Тоң районунун Шор-Булак айылында таза суу чыгарылып жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Улахол айыл аймагынын жооптуу катчысы Ишенбай Жээнтаевдин айтымында, Шор-Булак айылынын эли буга чейин шор суу ичип келишкен. Мындан улам калк арасында ичеги-карын оорулары көбөйгөн.

«1988-жылы курулган таза суу системасынын эскилиги жетип, начар абалда болуп калган. Өткөн жылы республикалык бюджеттен 19 млн 300 миң сом бөлүнүп, учурда айылга таза суу тартылып жатат», - дейт ал.

Ал эми ишти жүргүзүп жаткан «Ысык-Көл курулуш сервис» ишканасынын аймактык башчысы Бакыт Молдоказиев: «Таза суу чыгаруу иштери былтыр башталган, аны ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Учурда 9,5 чакырымдан суу тартылып, эки скважина курулду. Суунун тазалыгы да текшерилди», - деди.

Айылда 1,5 миңден ашуун тургун жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×