Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.08.2019 11:48 На русском

Айыл турмушу: Ысык-Көлдө павловния дарагын өстүргөн багбан анын өзгөчөлүгүн атады (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Өрнөк айылынын тургуну Арстанбек Тазабеков досу менен бирге павловния дарагын өстүрүп жатат. Аймактык кабарчы багбандар менен таанышты.

Алар 5,5 гектар жерге павловния талаасын уюштурушкан. Учурда анын аянты 17 гектарга жетти.

«Бат өсүүчү павловния дарагын өстүрүү идеясы 2016-жылы пайда болгон. 2017-жылдын февраль айында аны ишке ашырып баштадык. Негизги максат бат өсүүчү дарактардын талаасын түзүү менен табигый токойлорду сактап калуу болуп саналат. Бул мөңгүлөрдү сактап калууга дагы таасирин тийгизет», - деди А.Тазабеков.

Ал павловния дарагын 11 жылдан бери өстүргөн болгариялык Жан Дуралов аттуу өнөктөшү бар экенин айтат.

«Ал Европада мелүүн климаттын шартына ыңгайлашкан павловния дарагынын түрүн өстүрүү боюнча адис болуп саналат. Павловния дарагынын шанг тонг деген сорту кышында 27-30 градус суукка туруштук бере алат. Ал башка сортторго караганда 40%га бат өсөт. Кыргызстанда отургузулган дарактар мыкты жыйынтык көрсөтүп жатат.

Биз өнөктөшүбүз сунуштаган бардык технологияларды колдонуп жатабыз. Ал дайыма биздин ишке мониторинг жүргүзүп келет. 2017-жылы павлония дарагын 5,5 гектар жерге отургузганбыз. Учурда аянты 17 гектарга жетти», - деди багбан А.Тазабеков.

Ал өлкөнүн аймактарында ушул сыяктуу талааларды уюштуруу планы бар экенин кошумчалады.

«Түштүктө павловния дарагын өстүрүүгө климаттык шарттар жол берет. Албетте, сөзсүз түрдү аны өстүрүүнүн технологиясын колдонуу керек», - деди ал.

Багбан ошондой эле, даракты кайра иштетүү боюнча цех ачууну пландап жаткандыгын кошумчалады.

«Эми 3-4 жылдан кийин павловния дарагынын сөңгөгүн кайра иштетүү боюнча цех иштетүүнү пландап жатам. Андан эмеректерди, курулуш материалдарын даярдоого болот. Жыгачын курулушка кеңири колдонсо болот. Болжол менен анын бир кубу 25 миң сомго чейин бааланат. Аны өнүккөн өлкөлөрдө кайык жасоо, музыкалык аспаптарды, үй эмеректерин, жалюзи жана башка көптөгөн буюмдарды жасоо үчүн колдонушат. Мындан сырткары отун катары колдонсо көмүр сыяктуу табы күчтүү болуп, жылуулукту жакшы сактайт. Европада аны отун катары колдонушат, себеби от жаккан учурда зыяндуу жыттар же болбосо түтүнү чыкпайт», - деп кошумчалады ал.

А.Тазабеков павловния дарагынын башка дарактардан айырмасы тез жетилип, ийилчээк болсо дагы сынбаганында экенин айтып, анын жалбырагын малга тоют катары колдонсо болорун кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×