Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 28.08.2019 15:10

Балыкчыда тазалык акциясында 18 тонна таштанды чыгарылды (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында «Таза Кыргызстан» акциясынын алкагында 18 тонна таштанды чыгарылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Тазалоо иштерине «Эко деми» коомдук фондунун өкүлдөрү, шаардык мекемелердин кызматкерлери болуп 60 адам катышты. Анда шаардык таштанды полигонунун тегерегиндеги бадалдарга чогулган целлофан, полиэтилен баштыктар жана башка ар кандай таштандылар тазаланды.

Иш-чара Балыкчы шаардык мэриясы, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо мекемеси менен биргеликте өткөрүлүп, шаардын ичи дагы таштандыдан тазаланды.

Жалпысынан 31 мекеме-ишкананын кызматкерлери ишембиликке чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×