Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.08.2019 15:23 Жаңыланды: 22.09.2019 22:34

Айыл турмушу: Э.Беккулова хоббисин киреше алып келүүчү ишке айлантты (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун Челпек айылынын 47 жаштагы тургуну Элмира Беккулова үйдө отуруп эле киреше табууну өздөштүрдү. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча медицина кызматкери. Бир аз убакыт эмчи айым болуп эмгектенип, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу иштебей калган. Учурда үйдө гүлдүн 7 түрүн өстүрүү менен алектенет.

«Гүл өстүрүү үчүн чакан бөлмөнү жасап алгам. Ар бир гүлдү билип, аларга жакшы мамиле кылуу керек. Учурда 7 түрдүү гүлдү өстүрүп жатам. Гүл үйдүн аурасына карап өскөнүн жакшы түшүндүм. Аялдык бакыт, бегония, цикламен өндүү гүлдөр мага абдан жагат. Бегония жыл бою гүлдөп турат. Буга чейин гүл өстүрүү жөн гана хобби болсо, азыр аларды сатыкка чыгарып, киреше таап жатам. Ар бир аптада Каракол шаарындагы базарга гүлдөрдү алып чыгып, 350 сомдон 2000 сомго чейин сатам. Кардарлар дагы аз эмес», - дейт Элмира Беккулова.

Ал айылдык ден соолук комитетине мүчө болуп, элеттеги айымдарга кеңеш берип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×