Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуМосква району 21.09.2019 15:21

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Ф.Шейшеева бир эмгегин 5000 долларга саткан

Turmush -  Фарида Шейшеева 1964-жылы Москва районундагы Бала-Айылчы айылында төрөлгөн. Ал бала кезинен баштап сүрөт тартып, дээрлик 30 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен окуп жүргөн кезимде эле сүрөттү жакшы тартчумун. Орто мектепти бүткөндөн кийин Чуйков атындагы сүрөт академиясында билим алдым. Кол өнөрчүлүк, сүрөтчүлүк өнөр апабыздын калса керек. Себеби, апабыз оймо оюп, шырдак жасаган, сүрөт тарткан уз киши болчу. Атабыз дагы сүрөт тартчу. Илгери Москва районунда Карл Маркс атындагы колхоз бар эле. Ошол колхоздун шырдактарынын оймосун чийип, боёп, оюп берген менин апам болчу.

Эмгектеримди жыл сайын көргөзмөгө алып чыгам. Персоналдык көргөзмөлөр, фестивалдарга ар кайсы өлкөлөргө чакырышат. Мен көбүнчө кийизден паннолорду, картиналарды, баш кийим, оюнчуктарды, азем белектерди жасайм, кийим-кечелерди тигем. Дизайнер дагы өзүм болом. Буйрутма менен эл аралык көргөзмөлөргө дагы барабыз. Ошол жактан чет өлкөлүктөр кызыгып, көбүнчө азем белектерди америкалыктар, европалыктар сатып алышат. Кыргызстандын ичинен да искусствону баалаган адамдар буйрутма берип же сатып алууда. Андан тышкары Корея, Япония, Голландия, Чехия жана башка мамлекеттерден буйрутма түшөт.

Эң кымбат саткан эмгегим Американын Санта-Фе шаарында көргөзмө болуп, 5 миң долларга панно саткам. Кийизден чапандарды тигип, 400-500 доллардан сатам», - деди ал.

Фарида Шейшеева 7 бир тууган: 3 кыз, 4 эркек. Өзүнүн бир кызы, бир небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×