Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 19.08.2019 17:12

Ысык-Көлдө 14 эне эмгектенген «Айым-эне» фольклордук тобунун жаралуу тарыхы

Turmush -  Балыкчы шаарынын тургуну, мугалим Өмүркүл Карачева 7 жылдан бери энелердин «Айым-эне» фольклордук этнографиялык мектебин жетектеп келет. Аймактык кабарчы жетекчи менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 40 жылдан бери Балыкчы шаарындагы №4 гимназия мектебинде окуучуларга тарых сабагынан билим берип келет.

Ал эми «Айым-эне» мектебин 2012-жылдын 23-апрелинде түзгөн. Учурда топто 14 эне эмгектенет. «Айым-эне» фольклордук-этнографиялык мектебинин максаты улуттук каада-салтты сактоо, кыргыз элинин руханий маданиятын эл арасына жайылтуу, элдин ынтымагын, биримдигин бекемдөө, улуттар арасындагы ынтымакты чыңдоо, жаш муундарды ата-бабанын салты менен тарбиялоо болуп саналат.

«Топтун «Айым-эне» деп аталып калышына кыргыздын алгачкы аял элчиси жөнүндөгү уламыш себеп болгон. Бул окуя биздин заманга чейин болгон экен. Македониянын падышасы Александр Македонский батыш жерлерин каратып алгандан кийин, чыгыш өлкөлөрүнө жортуулу башталган. Чыгыш элдери аны кийин ал чыгарган тыйындардагы кош мүйүздүү тулгасына карап «Искандер Зулкарнайн», башкача айтканда Кош мүйүздүү Искандер деп аташкан. Орто Азияны каратып алуу максатында баскынчылык согушун баштап, Сыр-Дарыя суусунун жээгиндеги сак уруулары менен катуу кармаш башталган. Акыры сактар жеңилүүгө учурап, артка чегинүүгө аргасыз болушкан. Сактардын артынан кубалаган Искендердин аскерлери Кыргызстандын түштүгүнө чейин келишкен. Кыргыз санжырачыларынын айтымында, кыргыз уруу башчылары Искендердин кыргыз жергесин талап-тоноп, басып алуусун токтотуу максатында анын алдын тосуп, элчиликке киши жибермек болушат. Бирок эч ким даабай, батына албай коюшат. Ошондо сол канаттын мундуз уруусунан Акман аттуу кишинин аялы Айым Искендерге элчиликке бармай болот. Айым беттегенинен артка кайтпаган, ат үстүндө шамдагай, жааны таамай атканды билген, сөзгө чечен, акылдуу, тайманбас аял болгон экен. Ошентип жети төөгө Көк-Жаңгактын жаңгагын жүктөтүп, тартуу менен чакан элчилик жоого чыгат.

Көптөгөн кыйынчылыктарга карабай Айым жолугат. Искендер падыша буга чейин аял элчини кабыл алган эмес. Айымдын эр жүрөктүүлүгү, акылмандыгы падышаны таң калтырган экен.

Искендер кыргыздар жөнүндө маалымат билгиси келип, «канча элсиңер?» деп сураган. Жети төөгө жүктөлгөн жаңгак канча болсо ошончо кыргыз бар экенин уккандан кийин жаңгактарды саноону буюрат. Жоокерлери эки төөдөгү жүктү араң санап бүтүшкөн. Санаган жаңгактарын жоокерлерге таратып берген. Ичтери өтүп, алдары кетип жаткан жоокерлер жаңгакты жегенден кийин ич өткөнү кан буугандай басылат. Чамасы Искендер жаңгакты жеп көргөндө эле дарылык касиетин байкаган окшойт. Эртеси беш төөдөгү жаңгакты жүктөтүп, өз өлкөсү Грецияга жөнөтөт. Айым элчини өз чатырына чакыртып коноктоп, белектерин берип узаткан экен. Искендер чабуулун токтотуп, согуштук багытын башка жакка буруп кеткен.

Айым элчиликтен келе жатып Ферганадан каза табат. Анткени ал кош бойлуу болгон. Искендерге элчиликке бара жатканда аял кишини кандай кабыл алат болду экен деген чоочулоо болсо, аны көргөндө сүрүнөн боюнан козголуп калат. Бирок анысын байкатпай, өзүн токтоо кармап, ооруганын билгизбейт. Жолдон көп кан кетип, каза тапкан. Кыргыздар түп көтөрүлө барып, каза тапкан жеринен сөөгүн ак кепиндеп, жол боюндагы дөбөгө коюшат. Ушундан соң «Айым» деген ысымына «эне» деген сөз кошулуп айтылып, бүгүн дагы ошол дөбөнү «Айым эне» дөбөсү деп аташат. Ал эми грек жаңгагы кыргыздын эле Көк-Жаңгагынан экенин тарых тастыктаган», - дейт Ө.Карачева.

Ал белгилегендей, алар көптөгөн сынактарга катышып, ийгиликтерге жетишкен. Мэриянын, облустун жана министрликтин грамоталары менен сыйланган. Ө.Карачева «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисин, Чыңгыз Айтматов атындагы төш белгисин алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×