Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 15.08.2019 13:46 На русском

Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги жол кырсыктан эки адам жабыркады. Видео

Фото очевидцев
Фото очевидцев

Turmush -  Ысык-Көл облусунун тескей жээгинде болгон жол кырсыктан айдоочу менен жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу аймакты кабарчы билдирди.

Облустук ЖККК бөлүмүнүн маалыматына караганда, жол кырсык 12-августта саат 15:30 чамасында Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 61-чакырымында, тактап айтканда Тоң районунун Кескен-Бел участкасында катталган. Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын 1980-жылы туулган тургуну И.К. «Ауди 80» үлгүсүндөгү унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, каршы тилкедеги «ВАЗ-212» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Аны Нарын шаарынын 1990-жылы туулган тургуну К.Р. башкарып бара жаткан.

Жол кырсыктын кесепетинен «ВАЗ-212» унаасынын айдоочусу К.Р. жана жүргүнчүсү — Нарын шаарынын 1997-жылы туулган тургуну К.А. жаракат алып, Тоң райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.

Окуя болгон жерге ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн.

Видео социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан жарыяланган

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×