Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 14.08.2019 17:38

Жаш боксчу Ж.Сыртбаев Кувейтте өткөн Азия чемпионатында коло медаль утту

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын жаш спортчусу Жанболот Сыртбаев 1-10-август күндөрү Кувейтте өткөн бокс боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Азия чемпионатына баруу үчүн жаш спортчу менен анын машыктыруучусуна мэрия тарабынан материалдык жардам көрсөтүлгөн. Учурда Жанболот Сыртбаевди Чолпон-Ата шаарынын тургундары тосуп алышып, куттуктап жатышат.

14 жаштагы Жанболот Сыртбаев И.Абдразаков атындагы мектеп-лицейде билим алат. Ал 64 кг салмактык категориядагы спортчулар менен мелдешке чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×