Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусуТоң району 14.08.2019 15:53

Тоңдо катуу жааган жамгырдан улам суунун деңгээли көтөрүлүп жатат. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун үстүнкү өрөөнүндө катуу жааган жамгырдан улам суулар көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу Дөң-Талаа айылынын тургуну Наамат уулу Адыл билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча ӨКМдин аймактык бөлүмүнө кабарлашкан.

«Үстүңкү өрөөндө, тактап айтканда Дөң-Талаа, Коңур-Өлөң, Калкагар, Ала-Баш, Четинди айылдары жайгашкан аймакка Ат жайлоосунан келген суу катуу жааган жамгырдан улам көбөйүп, суу каптоо коркунучу жаралып жатат.

Жамгыр 13-августта саат 21:00 чамасында башталып тынбай жаады. Мындан улам ӨКМдин райондук бөлүмүнө кабар берип, кызматкерлери келди. Учурда тиешелүү техникаларды күтүп жатабыз», - деди тургун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×