Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 14.08.2019 14:49

Ак-Сууда крахмалы көп картошканын аянтын көбөйтүү пландалууда, - аким

Turmush -  Ак-Суу районунун аймагында курамында крахмалы көп картошканын аянтын көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу аталган райондун акими Акылбек Тюкебаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл дыйкандар крахмалы көп картошканы 40 гектар жерге эгишкен.

«Былтыр 25 гектар жерге эккенбиз. Чоңдорун крахмал өндүрүүчү заводго өткөрүп, үрөндөрүн 40 гектар жерге септик. Быйыл түшүм жакшы болсо, аянтын дагы кеңейтебиз», - дейт аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×