Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуТоң району 13.08.2019 16:17

Айыл турмушу: Ооруканада иштеген Э.Досумбаева бир нече өлкөгө саякаттап келди

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 59 жаштагы тургуну Эркин Досумбаева 40 жылдан ашык убакыттан бери медицина тармагында эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1975-жылы Пржевальск шаарындагы медициналык окуу жайды аяктаган.

«Балалыгым көңүлдүү өттү. Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз. Мен жетинчисимин, аябай эрке элем. Бир үйдө атам, апам жана чоң атам, чоң энем болуп чогуу жашачубуз. Мектепти аяктагандан кийин Пржевальск шаарындагы медициналык окуу жайдан билим алып, аны ийгиликтүү аяктадым.

Эмгек жолумду Пржевальск шаарындагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштөөдөн баштадым. 14 жыл эмканада эмгектенип, 1993-жылы рентген лаборант адистигине ээ болдум. Ошондон бери Тоң райондук аймактык ооруканасында рентген лаборант болуп иштейм», - деди Эркин Досумбаева.

Анын айтымында, ал бош убактысында жайкысын гүл өстүрүп, кышкысын шырдак жасоо менен алектенет.

«Эки кызым бар. Улуусу Бишкекте, кичүү кызым Катар мамлекетинде эмгектенет. Жөнөкөй дарыгер болсом дагы бир нече өлкөлөргө барып, саякаттап келдим. 2013-жылы Түркиянын Стамбул шаарына, 2015-жылы Египетке эс алууга бардым. 2018-жылы Грузиянын Цхалтубо шаарындагы курортто эс алып келдим.

2019-жылы Катардын Доха шаарындагы кызыма барып келдим. Кайра келе жатып Москва шаарына токтоп, Лениндин күмбөзүн көрдүм. Эми Санкт-Петербург шаарына барууну пландап жатам. Мындай саякаттоого жана эс алууга дарыгердин кичинекей айлык маянасы жетпейт. Бардык чыгымдарды кызым каржылайт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×