Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуТоң району 11.08.2019 19:51 На русском

Ысык-Көлдүн тескей жээгинде эки жеңил унаа кагышты

Turmush -  Ысык-Көл облусунун тескей жээгинде жол кырсык катталды.

Облустук ЖККК бөлүмүнүн маалыматына караганда, жол кырсык 10-августта саат 20:20 чамасында Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 90-чакырымында, тактап айтканда Бөкөнбаев айылынын кире беришинде катталган.

Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган Э.М. аттуу тургуну «Тойота Ист» унаасы менен бара жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан «БМВ» үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Экинчи унааныТөрт-Күл айылынын 1988-жылы туулган тургуну А.А. башкарып бара жаткан. Жол кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери жол кырсык болгон жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×