Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.08.2019 12:30

Караколдо бакта асылып турган кишинин денеси табылды

Город Каракол
Город Каракол

Turmush -  Каракол шаарында эркек кишинин жансыз денеси табылды.

Маалым болгондой, жансыз дене 10-августта кечки маалда Каракол шаарынын Восход кичи районунда табылган. Учурда анын өздүгүн тактоо жана жакындарын издөө иштери жүрүп жатат. Ал эми сөөктү өлүкканага соттук-мединициналык экспертизага жөнөтүшкөн.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жансыз дененин табылганы боюнча жергиликтүү тургундардан билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, көп кабаттуу үйдүн жанындагы бакта эркек кишинин асылып турган денесин табышкан.

Милиция текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×