Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 10.08.2019 16:03

Чолпон-Атада 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетти

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетти. Turmush басылмасына маалым болгондой, кырсык 10-августта шаардык пляжда болгон.

Көлгө чөккөн жигит Баткен облусунда 2000-жылы туулган А. уулу Н. экендиги аныкталды.

Болжолдуу маалыматка караганда, эки дос көлгө түшүп жатканда чөгүп башташкан. Жардамга келген куткаруучулар алардын бирин гана куткарууга үлгүрүшүп, суудан тирүү алып чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×