Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 10.08.2019 14:56 На русском

Сүрөт — Балыкчыда 7 чакырым жолго асфальт төшөө иштери токтоп калды

Turmush -  Балыкчы шаарында асфальт төшөлө баштаган Ж.Аманбаев көчөсүнүн оңдоо иштери токтоп калды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, 2019-жылдын июнь айынан баштап жолдор четинен оңдолуп, асфальт төшөлө баштаган. Жолдун асфальты 2018-жылдын июнь айында эле алынып, акча бөлүнбөй жатат деген себептер менен оңдоо иштери бир жылга токтоп турган.

Жол азабынан улам шаар тургундары жана айдоочулар бир нече жолу нааразычылык акциясына чыгышкан. Ушул жылдын май айында транспорт жана жолдор министри Ж.Бейшенов нааразы болуп чогулгандар менен жолугуп, оңдоо иштери ушул жылдын июнь айында баштала турганын, республикалык бюджеттен акча бөлүнгөнүн айтып, 2 ай аралыгында асфальттын биринчи катмары төшөлүп бүтө турганын билдирген.

Учурда 7 чакырымды түзгөн жолдун 2 чакырым аралыгына гана асфальт төшөлүп, оңдоо иштери токтоп калды. Жолдун ар кайсы жерлеринде суу түтүкчөлөрү жана агынды суулары өтө турган футлярларды жасоо үчүн аңдар казылган. Алар ошол бойдон турат. Буга байланыштуу айдоочулар жөө адамдар өтүүчү тротуарлар менен жүрүп калышты. Бул жөө адамдарга дагы тоскоолдук жаратууда.

Шаар тургуну Зарылкан Ормукова бул маселе тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Осмоналиевге социалдык тармак аркылуу кайрылып, «жолдун оңдоо иштери кайра уланышы үчүн кайра акцияга чыгуу керекпи?» деген билдирүү калтырган. Ага облустун жетекчиси маселени карап чыгарын айткан.

Зарылкан Ормукова ошондой эле Балыкчы шаарынын вице-мэри менен дагы жолугушканын, жогоруда аталган футлярларды жергиликтүү бийлик жасаш керектигин, бирок учурда акча жоктугунан ЖБИ жасап бербей жаткандыгын айтканын кошумчалады.

Футлярлар бүткөн соң, казылган жерлер жабылып, асфальт төшөө иштери уланмак. Оңдоо иштерине республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнгөнүн транспорт жана жолдор министри маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×