Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.08.2019 09:55

Өлкөдөгү саясий кырдаал Ысык-Көлдөгү туристтик сезонго кандай таасир этүүдө? Акимдердин жообу

иссык-кульский район
иссык-кульский район

Turmush -  Ысык-Көл облусунда коомдук-саясий абал тынч. Бул тууралуу Turmush басылмасына ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери штаттык режимде иштеп жатат. Облустун аймагында коомдук тартипти бузуу фактылары катталган жок. Туристтик сезон өз нугунда жүрүүдө, эс алуучулар көп.

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдиргендей, райондо коомдук-саясий абал тынч.

«Бизде коомдук абал тынч. Баары штаттык режимде иштеп жатат. Райондо 168 эс алуу жайы бар. Баарында эс алуучуларды тейлөө адаттагыдай жүрүүдө. Бүгүн Евразиялык экономикалык союзга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу тоскоолдуксуз өтөт», - дейт аким.

Тоң районунун акими Данияр Арпачиев билдиргендей, быйыл эс алуучулар жылдагыдан көп келүүдө.

«Биздеги конок үйлөр, боз үйлөргө быйыл эс алуучулар салыштырмалуу көп келип жатат. Эс алуучуларга өлкөдөгү абал таасирин тийгизген жок. Биз чет элдик туристтерди тартуу, кыргыздын каада-салтын даңазалоо максатында 10-августта «Алгыр куштар» фестивалын уюштурганы жатабыз. Учурда даярдык жүрүүдө», - деди ал.

Ак-Суу районунун акими Акылбек Тюкебаев билдиргендей, райондун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу.

«Келген туристтер үчүн бардык шарттар түзүлүп, эс алуу жайлары иштеп жатат. Ошондой эле райондо оруп-жыюу өнөктүгү кызуу жүрүүдө. Күн ысык болгондуктан арпа, буудай эрте жыйналып жатат», - дейт аким.

Түп районунун акими Элчибек Жантаев билдиргендей, райондо коомдук-саясий абал тынч. Жергиликтүү тургундар түшүм жыйноо менен алек.

«Өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу ар бир айыл аймактын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Анда коомчулукту тынчтыкка чакырып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Тургундар оруп-жыйноо иштери менен алек», - деди аким.

Жети-Өгүз районунун акими Мурат Раматов билдиргендей, райондо чагымчылдыкка алдырбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

«Ак-Шыйрак өрөөнүнүн Кара-Сай айылында 16-август күнү малчылардын майрамы белгиленет. Учурда ага даярдык жүрүп жатат. Бул иш-чараларга учурдагы саясий кырдаал кедергисин тийгизбейт. Себеби, райондогу жаш активисттерге, жалпы коомчулукка чагымчылдыкка алдырбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Жайкы туристтик мезгилде эс алуучулардын саны арбын, өлкөбүзгө тынчтык керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×