Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 08.08.2019 11:14

Балыкчыдагы рейдде жол эрежесин бузган бир нече айдоочу айыпка жыгылды

Turmush -  Балыкчы ШИИБдин ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери жол кырсыктарын алдын алуу максатында рейд өткөрүштү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Рейддин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузган, белгиленген ылдамдыкты сактабаган айдоочуларга айып салынып, номуру жок жана терезелери караңгылатылган унаалардын ээлерине протокол толтурулду.

ЖККК бөлүмүнөн жол кырсыктарын алдын алуу максатында мындай рейддер улана турганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×