Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 08.08.2019 10:22 Жаңыланды: 08.08.2019 18:44

Айыл турмушу: Жайлоодо заманбап конок үйүн ачкан элеттик мугалимдин эмгеги

Turmush -  Ак-Суу районунун Курбу айылынын 34 жаштагы тургуну Назира Сатаева үй-бүлөсү менен Каркыра өрөөнүндө чет элдик туристтерди кабыл алууда. Аймактык кабарчы бул үй-бүлө менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал бала кезинде жайлоодо жашоону кыялданчу.

«Мен айылдагы мектепте кыргыз тилчи мугалим болуп иштейм. Жайкы каникул учурунда жайлоодо эс алуучуларды кабыл алабыз. Кичинекей кезимде жайлоодо жашоону кыялданчу элем. Конок үйүн ачуу идеясын жолдошума айтып, аны быйыл ишке ашырдык. Каркырадагы конок үй деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан. Бардык шарттары бар. Анда улуттук тамак-аштардын, нан азыктардын түрүн жасайбыз. Таң эрте туруп, уй жана бээ саайбыз. Сүттөн айран уютуп, каймак тартабыз. Бардыгы экологиялык таза азыктар. Чет өлкөлүк туристтер биздин улуттук тамак-аштарды сүйүп жейт», - дейт элеттик мугалим.

Анын айтымында, бул багытта иш баштоонун алдында англис тилин дагы өздөштүргөн. Ал келечекте Каркыра өрөөнүндө кышкы туризм өнүксө мындагы иштерди улантып, кыштоодо калууга да кызыгат.

Назира жолдошу менен 2 уул, 1 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×