Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.08.2019 19:40 На русском

Православдык көрүстөндү талкалаган жигит жазага тартылды

Turmush -  Бүгүн, 7-августта Ысык-Көл райондук соту православдык көрүстөндү талкалап, эстеликтерди, тосмолорду сындырып кеткен 25 жаштагы Ш.М.нын кылмыш ишин карады.

Маалыматка караганда, сот топтолгон материалдарды карап чыгып 1994-жылы туулган Ш.М.га 36 миң сом өлчөмүндө айып салып, коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирди.

Окуя тууралуу:

Ушул жылдын 11-январында Ысык-Көл районунун Ананьев айылында православдык көрүстөндү талкалап, эстеликтерди, тосмолорду сындырып кеткен тургун милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

Кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган жигит кармалган. Ал буга чейин баңгизатты сактаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, шектүүгө Бузуулар жөнүндө кодекстин 131-беренеси боюнча (өлгөн адамдын денесин жана анын мүрзөсүн мазактоо) айып тагылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×