Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.08.2019 17:46

Караколдо шамалдан турак жайы жабыркаган тургундар кепилдик каражат алды

Turmush -  Каракол шаарында ушул жылдын 3-июль күнү катуу шамалдан турак жайларынын чатыры жабыркаган тургундарга акчалай колдоо көрсөтүлдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, 2-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген Болотбек Кулбараковго жана №3 мектеп-гимназиясынын мугалими Айгүл Алымовага 35 000 сомдон жардам берилди.

Сертификаттарды тапшырууга Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн директору Рыспек Темиралиев, мэр Адыл Каниметов, активисттер катышты.

Буга чейин 3-июлда Каракол шаарында катуу шамалдан 10дон ашык турак жай жабыркаганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×