Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 07.08.2019 17:22

Балыкчы шаарынын дагы бир көчөсүнө түнкү чырактар орнотулду

Turmush -  Балыкчы шаарында «Жарык шаар» программасынын алкагында дагы бир көчө жарыктандырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ч.Алиев көчөсүнө түнкү чырактар коюлуп, жарыктандыруу үчүн 37 даана (120 ваттык) жарык берүүчү лампа, 1 800 000 метр электр чубалгылары, 37 даана жарыкты күчөткүч аспап, 72 даана камыт, 39 даана илмек, 6 даана баскыч, 40 даана кыстыргыч алынган.

Мэриянын маалыматына караганда, көчөлөрдү жарыктандыруу иштери улантылмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×