Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.08.2019 19:10

Караколдо тургундар мал союучу жана багуучу жайдан жагымсыз жыт чыкканына нааразы. Видео

Turmush -  Каракол шаарынын тургундары мал багуучу жана мал союучу эки жай санитардык нормаларга жооп бербегенин айтып, нааразы болуп чыгышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул эки жайдан чыккан жагымсыз жыт аларга ыңгайсыздык жаратууда жана ушундай абал 4 жылдан бери кайталанууда.

«Эшикти ачып олтура албайбыз. Керек болсо жууп, илип койгон кийимдер дагы мал жыттанып калууда. Чымын толуп кеткен. Жалаң малдын ичеги-карынын төгүп жатып, көчөгө киши киргис болуп калды», - дешти алар.

Бул жерде 60ка жакын үй-бүлө жашайт. Алар атайын арыз жазып, жергиликтүү бийликке кайрылган. Андан улам бүгүн, 6-августта комиссия келип, текшерүү иштерин жүргүздү.

«Бул жерде тактай тилүүчү жай болгон. Ошондуктан өндүрүштүк аймакка кирет. Бир жайдын ээси уй багат. Ал тургундар менен жолугуп, мындан ары тазалыкты сактай турганын жана бодо малды күздөн жазга чейин гана кармап, жайында тоого алып кетерин убадалады», - деп билдирди комиссиянын өкүлү.

Маалым болгондой, санитардык нормалар боюнча эгер адам 10 бодо мал бакса турак үйлөрдөн 20-25 метр, ал эми 30 баш болсо 80 метр алыс болуусу керек. Бирок бул аймакта нормалар сакталбай калган.

Бул жолугушууга мал союучу экинчи жайдын ээси келген жок жана ага чара колдонуу өтүнүчү менен тийиштүү органдарга кайрылышарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×