Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.08.2019 17:46

Туристтик милиция польшалык туристке жоготуп алган телефонун таап беришти

Turmush -  Ысык-Көл облусунун борборунда туристтик милициянын кызматкерлери Польша мамлекетинен келген туристтин жоготуп алган уюлдук телефонун кайтарып беришти.

ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Польша мамлекетинин жараны Кая Матскевич туристтер тобу менен саякатка Каракол шаарына келишкен. 5-август күнү ал өзүнүн уюлдук телефонун таксиге унутуп кетип калган. Алгач өзү жоготуп алган буюмун издөөгө аракет көргөн. Бирок жыйынтык бербегендиктен чет өлкөлүк жаран жергиликтүү милицияга кайрылууга мажбур болгон.

Ошол күнү туристтен арыз кабыл алышкан туристтик милициянын кызматкерлери Н.Абдрахманов, А.Рашева жана Б.Китатов чет мамлекеттик жаран Каракол капчыгайына чыгышкан негизги туристтик тобу менен чогуу барууга кечигип жатканын түшүнүшүп, аны көздөгөн жерге жеткирип коюшкан.

Кыргызстанга биринчи жолу келген турист жергиликтүү капчыгайдын кооздугу менен суктанып, тоо маршруту менен саякатын өткөрүп жаткан учурда милиция кызматкерлери жоготуп алган уюлдук телефонун табышып, ээсине тапшырып беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×