Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуТүп району 06.08.2019 09:21

Сүрөт — Түптө бир кафе толугу менен өрттөнүп, экинчисин сактап калышты

Turmush -  Түп районунда бир суткада эки өрт кырсыгы болуп, бир кафени куткаруучулар өрттөн сактап калышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, биринчи өрт 4-август күнү саат 16:00 чамасында Түп айылынын түштүк-батышындагы эгин аянттарынан чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр 30 гектар эгин аянтын сактап калышты. Бул жерден 3 гектардагы эгин өрттөнгөн.

«Эгер өрт өчүрүүчүлөр өз убагында келишпесе канча зыян тартары белгисиз эле», - дешет тургундар.

Экинчи өрт 5-август күнү таңкы саат 03:00 чамасында Түп айылынын борборунда жайгашкан «Жылдыз» кафесинде чыгып, имарат толук күйүп кеткен.

«Биз саат 04:00дө келсек, өрт күчөп жатыптыр. Өрт өчүрүүчүлөр угары менен келишип, «Жылдыз» кафесинин эски имаратын сактай алышпаганы менен жанындагы «Ак-Куу» кафесин өрттөн сактап калышты. «Жылдыз» кафесинен чыккан өрт «Ак-Куу» кафесине жабышып, күйө баштаганда өрт өчүрүүчүлөр убагында өчүрүп, кафебизди сактап калышты», - деди кафелердин ээси Диана Казакбаева.

Бул эки өрт боюнча Түп РИИБ териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×