Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.08.2019 18:40

Ак-Суу районунда 15 бала жайкы эс алуу лагерине жөнөтүлдү

Turmush -  Ак-Суу районунда 15 бала жайкы эс алуу лагерине жөнөтүлдү. Бул тууралуу акимдин орун басары Гүлзат Суранчиева билдирди.

Анын айтымында, ата-энесинен ажыраган, мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары облус жетекчилигинин каржылоосу менен 1 жума эс алышат.

«Айыл өкмөттөр тарабынан балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу үчүн жайлоо өнүгүү борборлору да ачылды. Балдар жайлоолордо эс алуу менен катар билим алып жатышат», - деди Суранчиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×