Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуТүп району 05.08.2019 09:42

Түптүн эки айылында жаңы курулган мечиттер пайдаланууга берилди

Turmush -  Түп району боюнча эки айылда жаңы курулган мечиттер пайдаланууга берилди, деди Түп районунун имам-хатиби Бакыт Кайкиев.

Анын айтымында, алгач Талды-Суу айыл аймагына тиешелүү Ичке-Суу айылында, андан кийин Түп айыл аймагынын Түп айылындагы мечиттер салтанаттуу түрдө ачылды. Ачылышка «Ажылар» коомунун төрагасы К.Дыйканбаев, аким Э.Жантаев, Талды-Суу жана Түп айыл өкмөттөрүнүн башчылары А.Мамбеталиева, А.Асакеев жана кайрымдуулук фонддун директору Насыр Каид катышты.

«Ичке-Суу айылында мечиттин ачылышы болсо, Түп айылында мечит, окуу борбору жана фельдшердик-акушердик пункттар ачылып, айылдын элине пайдаланууга берилди. Түптө буга чейин 2 мечит болгон. Ал эми Түп айылынын бул аймактагы жашоочуларына борбордук мечит алыс болгондуктан алардын өтүнүчү аткарылды.

Мечит кургандарга жана фонддун жетекчилигине акимчиликтин жана айыл өкмөттөрүнүн ыраазычылык каттары жана баалуу белектери берилди», - деди райондун имам-хатиби Б.Кайкиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×