Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуТүп району 03.08.2019 19:18 На русском

Түптө көлдө эс алып жаткан 56 жаштагы адам сууга чөгүп каза болду

Turmush -  Кечээ, 2-август күнү саат 14:00 чамасында Түп районунун Түп айылынын 56 жаштагы тургуну В.Д. көлгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, ал мас абалда көлдүн айылдын түштүк тарабындагы тилкесинен аркы жээкке сүзүп өтөм деп жатып чөгүп кеткен. Чөгүп кеткенин чогуу эс алып жаткандар байкаган эмес. Анын дайынсыз болуп жаткандыгын көлдө аны менен чогуу эс алган тааныштарынын бири М.П. менен кызы М.Д. бүгүн саат 10:00 чамасында Түп РИИБге келип кабарлашкан. Милиционерлер окуя болгон жерге барып, каза болгон В.Д.нын көл үстүнө калкып чыгып калган денесин табышкан. Аны издөө иштерине 4 куткаруучу, бир кайык, Түп РИИБдин 6 кызматкери жана В.Д.нын туугандарынан 3 адам тартылган.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×