Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.08.2019 18:03

Караколдогу көрүстөндө өрт чыкты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 3-августта саат 13:10 чамасында Каракол шаарында христиан дининдеги адамдар көмүлгөн көрүстөндө өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, тилсиз жоодон айрым мүрзөлөр жабыркады.

Каракол шаардык өрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда, алар барып, өрт 12:35 чамасында өчүрүлдү. Тилсиз жоодон 20 сотых аянт өрттөндү.

«Өрт күмбөздү тазалап, таштандысын өрттөп койгондон улам чыккан. Азыр күн ысык, чөптөр кургак, өрт тез жайылат. Ошондуктан таштанды өрттөөдө коопсуздукту сактоо керек», - деди өрт өчүрүүчүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×