Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.08.2019 13:00

Каркырадагы 30 түтүн сүт алып кеткени келген унааны күтүп, күнүнө 20 литрден суу алышат. Сүрөт

Turmush -  Түп районуна караштуу Каркыра айылынын тургундары таза суунун азабын тартып келе жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдын башчысы Кубанычбек Түлөбердиев билдирди.

Анын айтымында, айылдагы 30 түтүндө 180 адам жашайт. Ичүүчү таза суу көйгөйү чечиле элек. Арыктан аккан сууга баруу үчүн кыйла чакырымды жөө басууга туура келет. Өзгөчө кыш мезгилинде кыйналышат. Мындан улам ар күнү сүт алып кетүүгө келген унаалар ар бир үйгө 20 литрден суу ала келет. Алынып келген сууну ар бири үнөмдөп колдонушат. Кышы узакка созулуп, район борборунан 70 чакырым алыста жайгашкан айылдын эли таза суу көйгөйү боюнча жогорку жактарга бир нече ирет кайрылып, бирок жыйынтык чыккан эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×