Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуТүп району 04.08.2019 17:45

Погончон бийкеч: Лейтенант Альбина Ибраевага сүйүүсүн арнаган окуучу. Сүрөт

Turmush -  24 жаштагы Альбина Ибраева 2 жылдан бери Түп РИИБде өспүрүмдөр менен иштөөчү инспектор болуп эмгектенип жатат. Аймактык кабарчы погончон бийкеч менен таанышты.

Анын айтымында, 2013-2017-жылдары Бишкек шаарындагы ИИМдин Академиясында бюджеттик бөлүмдө билим алган. Жогорку окуу жайды аяктаган соң алгачкы жумушун Ак-Суу РИИБде баштаган.

«Алгач жумушка орношконумда жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлугуна кабыл алындым. Албетте, академияда окуп жүргөндө жумуш кандай болорунан кабарым бар болчу. Алгач эле мектептерди кыдырып, окуучуларды кылмыштуулуктан алыс болууга үндөгөн түшүндүрүү иштерин жүргүзчүмүн.

Бир күнү адаттагыдай эле бир мектепке барып, 11-класска түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда окуучулар алардын бир классташы мени жактырып калганын айтты. Мен аны тамаша иретинде кабыл алдым. Көрсө мага сүйүүсүн арнаган бала каттоодо турчу экен. Кийин үйүнө барганымда баланын ата-энеси да жактыруу сезимин тамаша кылып айтышкан. Мен ал окуучуга корс мүнөзүмдү көрсөткөн жокмун. Негизгиси токтолуп, туура жолду тандады», - деди ал.

Альбина Түп РИИБге 8 ай мурда которулуп келген. 1 ай мурда ага лейтенант чини ыйгарылды.

«Алгач ата-энем жана жакындарым «кыз киши милиция кызматкери боло албайт, башка кесипти танда» деген талаптарды коюшкан. Бирок каалоом күч болуп, чымырканып жүрүп окуп бүттүм. Азыр баары жайында. Погон тагынып, форма кийгенде көчөдө өтүп бараткан улуу адамдар да сыйлап, «сиз» деп кайрылышат. Ата-энем да кубанып, ишиме ынанып калышты», - деди лейтенант бийкеч.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×