Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.08.2019 09:10 На русском

Караколдо ээн жаткан талаага кичи район куруу пландалууда

Turmush -  Каракол шаарындагы К.Карасаев, Тоголок Молдо жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги 30 гектар аянтка кичи район куруу боюнча башкы план иштелип чыкты.

Маалым болгондой, аталган план менен шаар куруу кеңешмеси таанышкан.

Жеке фирманын архитектору Акылбек Сакеевдин айтымында, кичи райондо 5 кабаттуу үйлөр курулат. 1280 орундуу мектеп, 300 жана 400 орундуу 2 бала бакча, дүкөн, чачтарач өңдүү жайлар үчүн 2 кабаттуу имарат салынат. Сейил бак, китепкана, спорт залдар, жылытуу системасы үчүн от жагуучу жай, баскетбол, волейбол аянтчалары, унаа токтоочу жайлар да жайгашып, кичи район 6430 адамга ылайыкташат.

Буга чейин шаар бийлиги аны курууга каражат маселелери ар кандай долбоорлор аркылуу чечиле тургандыгын маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×