Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.08.2019 13:38

Ысык-Көл облусунда пенсиядагы 16 адам англис тили боюнча ийримде сабак алышты

Turmush -  Ысык-Көл облусунда англис тили жана туризм менеджменти боюнча окуу курсу уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, анда облус аймагындагы ардактуу эс алуудагы 16 аскер кызматкери билим алды. Окууда чет тилди үйрөтүү менен жумушка орноштуруу жагы каралган.

«Ардактуу эс алуудагы аскер адамдары үчүн англис тили үйрөтүлөт. Окуу курсу аяктагандан кийин программанын катышуучуларына ишке орношуу жана жарандык иштер боюнча кеңештерди берип турабыз», - деди уюштуруучулар.

Ушундай эле окуулар Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында да өттү. Алдыда Нарын жергесинде уюуштуруу пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×