Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 03.08.2019 11:27

Ак-Суу районунда 3 км жол оңдолуп жатат

Turmush -  Ак-Суу районунун Пионер, Шапак айылдарына кире бериштеги жана «Ак-Суу» курортуна баруучу жолдор оңдолуп баштады. Бул тууралуу №11 жол тейлөө ишканасынын башчысы Тариэл Жаныбеков билдирди.

Маалыматка караганда, оңдоо иштери август айынын аягына чейин бүткөрүлөт.

«Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында ар бир райондо 3 чакырым жол оңдоо пландалган. Ага ылайык Пионер, Шапак айылындагы жолдордун 1 чакырымы оңдолуп баштады. Жакынкы күндөрү «Ак-Суу» курортуна баруучу жол да оңдоло баштайт. Бул көйгөй көп жылдан бери келе жаткан. Айыл өкмөттөр дотацияда болгондуктан жол оңдоого каражат жок болчу. Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында да болбогондуктан абалы начар эле. Бул жылы планга киргизип, маселени чечип жатабыз. Ишти август айында бүткөрүүгө аракеттер көрүлүүдө», - деди Жаныбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×