Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 02.08.2019 15:41 Жаңыланды: 02.08.2019 19:00

Лимузин, гүл жана боорсок: Азия жана Океания оюндарында жеңишке жеткен спортчуларды кантип тосуп алышты? Видео

Turmush -  Кытайдын Тайбэй шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия жана Океания оюндарында дзюдо боюнча күмүш медаль, каратэ-до боюнча коло медаль багынткан Каракол шаарынын спортчуларын бүгүн, 2-августта салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов, мэриянын өкүлдөрү, жаш спортчулар жана шаар тургундары катышты. Алгач спортчуларды боорсок жана гүл менен тосуп алышып, лимузин менен шаарды кыдырткан соң, «Энелер аллеясында» сыйлоо аземин өткөрүштү.

Анда каратэ-до боюнча коло медаль алган Кымбат Тойтоновага жана анын машыктыруучусу Акысбек Өмүрбековго 25 миң сомдон акчалай сыйлык берилди. Ошондой эле дюздо боюнча күмүш медаль багындырган Шахида Нармухамедова, Ажара Исаевага жана алардын машыктыруучулары Елена Исакова менен Савуржан Аматовго 15 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

16 жаштагы Шахида Нармухамедова 78 кг салмактан жогорку спортчулар арасындагы мелдеште 2-орунду ээледи. Ал дзюдо менен 4 жылдан бери машыгып, буга чейин Азия оюндарында жана өлкө чемпионаттарында бир топ ийгиликтерге жетишкен. Ал шаардагы мектептердин биринде билим алат.

Ал эми 17 жаштагы Ажара Исаева 63 кг салмактагы спортчулар арасындагы мелдеште күмүш медаль багындырды.

«Спорттун чебери» наамынын ээси буга чейин Ташкент шаарында өткөн Азия кубогунда күмүш, Алматы шаарында өткөн мелдеште коло медалдарына ээ болгон. Дзюдо менен 7 жылдан бери машыгат. Ал Каракол шаарындагы мектептердин биринде жогорку класста билим алат.

Кыздарды Елена Искакова жана Савуржан Аматов машыктырып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×