Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусуТүп району 02.08.2019 18:34 Жаңыланды: 11.08.2019 22:35

Айыл турмушу: Токтоян айылында көп балалуу энелер иш менен камсыз болду

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылында тигүү цехи ачылып, көп балалуу 4 эне иш менен камсыз болду. Бул тууралуу кайрымдуулук фонддун жетекчиси Тыныбек Зундунов билдирди.

Тигүү цехке технолог болуп жумушка орношкон 1981-жылы туулган Элнура Чабалдаеванын айтымында, анын 6 баласы бар. Жолдошу Самат Алмабеков таксист болуп иштейт. Балдары — Эмил 10-класс, Назик 8-класс, Айлун 2-класста окушса, эгиздери Амир менен Эмир быйыл 1-класска барышат.

«Тапкан акчам үй-бүлөлүк бюджетке кичине болсо дагы жардам болуп жатат», - дейт ал.

Цехтин дагы бир кызматкери — көп балалуу Надира Токоева кесиби боюнча медайым экенин жана тигүүчүлүктү дагы өздөштүрүп алганын айтат. Анын жолдошу Эмил Ибраев аскер жана милиция кызматында иштейт.

«Беш баланы багуу оор болгондуктан тигүүчү болуп Бишкекте, Россияда иштеп келгем. Эми балдарымдын жанында иш менен камсыз болгонума кубанып турам», - дейт Надира Токоева.

Ал эми 38 жаштагы Мадина Иманбекова жолдошу Айбек Алмабеков экөө 4 баланы тарбиялап, өстүрүп жатканын жана балдарынын асты студент болгонун айтты.

«Мен цехтеги кызматкерлердин улуусу болгондуктан жана тигүүчүлүктүн 3 айлык курсун бүткөндүктөн кесиптештериме насаат айтып турам», - дейт ал.

2 баланын энеси болгон Айсулуу Самакова жаңыдан үйрөнчүк болуп иштеп жатканын белгилеп: «Тикмечиликти жаңыдан үйрөнүп жатам, элеттеги аялдар үчүн цехтин ачылганы жакшы болду», - деди.

Цехтин жетекчиси Т.Зундунов дагы жумуш орундары түзүлөрүн айтты.

«Буюрса бул цехти кеңейтели деп жатабыз. Караколдогу Кызыл ай коому 10 аялды окутуп, колдоруна сертификаттарын берсе, ошол сертификаттын негизинде Катар кайрымдуулук фонду аярлуу катмардагы 10 аялга кийим тигүүчү машиналарды белек катары берүүгө макулдугун беришкен», - деди Тыныбек Зундунов.

Өзүнүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, айылдаштарын иш менен камсыздаган Т.Зундунов кайрымдуулук иштерди уланта берерин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×