Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуТоң району 02.08.2019 11:03 Жаңыланды: 10.08.2019 01:45

Орусиядагы мекендештерге чейин кымыз саткан Максаттын жайлоодогу жашоосу. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Алабаш айылынын тургуну Максат Томоев үй-бүлөсү менен жайлоодо бээ байлап, кымыз ачытышат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча эколог. Айылда дыйканчылык менен алектенгенден тышкары ата-энеси болуп жайлоого чыгып, мал багышат.

«Атам Койчуман Томоев 68 жашта. Ата-энем Сары-Бел жайлоосунда эки үйүр бээ байлашат, кымыз ачытышат. Биз дагы алардын жолун жолдоп, жайлоодо мал-жандык кармайбыз. Кымыздын сезону кызыганда жайлоодо ачытылган кымызды айылга алып келип, буйрутма берген адамдарга сатабыз. Мындан тышкары Ысык-Көлдүн аймагындагы пансионаттарга өткөрөбүз.

Кээде Ош облусунан дагы буйрутма берип калышат. Ошондой эле Орусиядагы мекендештер дагы бизден алып кетишет. Туруктуу кардарларыбыз бар. Алыска алып кетчү кымызга бээнин сүтүн кошуп, белендеп беребиз. Аны жолдон улам аралаштырып койсо, бузулбай жакшы барат», - дейт М.Томоев.

Ал жайлоодо бээ байлагандан тышкары уй саап, кышкыга каймак жана май даярдашарын жана кымыз менен киреше таап жатышканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×